Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова: "Аял киши деп эле тажрыйбасы жок, бирөөнүн тууганын же болбосо партиялык систем аркылуу кызматка алып келүү туура эмес". КҮНСОБОЛ

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өкмөттүн курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталып жатат. Бул боюнча демилге коомдук талкууга коюлду. Анда бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен өкмөттүн курамын бекитүү сунушталды.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өкмөттүн курамына гендердик квотаны киргизүү сунушталууда. Колдоого алынышы керекпи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдызкан Жолдошова аял киши деп эле тажрыйбасы жок, бирөөнүн тууганын же болбосо партиялык систем аркылуу кызматка алып келүү туура эместигин айтты.

"Кызматтарга тажрыйбалуу киши барса башка маселе. Анан аял киши деп эле тажрыйбасы жок, бирөөнүн тууганын же болбосо партиялык систем аркылуу кызматка алып келүү туура эмес. Мамлекеттик кызматтарда, депутаттардын арасында эркекпи, аялбы тажрыйбалуу, өлкө үчүн күйгөн адам иштеш керек. Ансыз деле өлкөбүздүн чайкалып турган мезгили. Кадрлар баарын чечет деген сөз бар. Начар кадрлар келип, чайкалып турган өлкөбүздү башкача айтканда, төгүп, чачып салат", - дейт Жолдошова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан