Интернет айдыңына оорукананын кабыл алуу бөлүмүндө нааразы болгон эненин дарыгерге атырылган видеосу тарады. Анда окуя кандай башталганы түшүнүксүз, эне дарыгерге нааразычылыгын айтып "... мурун да калып калган. Түшүндүрүп айтсаң болбойбу, эмне?" деп кыйкырган жерлери бар.
Буга чейин да ушуга окшош окуя катталган. Анда 3-балдар ооруканасына баласын алып келген эне дарыгердин жазып бергендерине макул болбой "ылайым, балаң өлүп калсын!" деп урушкан эле. Кызыгы, окуя кайра эле 3-балдар ооруканасында орун алып, бул видеонун каарманы биринчи чууга туш болгон дарыгер экендиги айтылууда.