Социалдык тармактарда Нарындагы логистикалык борборду Кытай тарап куруп, Кытай ээлик кылат деген кептер тарап жатат. Буга инвестиция тарткан ишкерлердин жообу

"Эл арасында Ат-Башыда курула турган логистикалык борборго Кытай ээлик кылат, өздөрү келип иштешет, басып алып ошол бойдон кетпей коёт деген ой болуп жүрөт. Биз белгилеп айта кетели, эң негизгиси жер аларга сатылган жок, келишим боюнча кайсы бир эрежени бузса биз алар менен кызматташууну токтото алабыз. Кудай сактасын, бирок пикир келишпестиктер болуп калса абал Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралат.

Дотацияда турган облус - Нарын, мындай облуста кайсы бир ишти жүргүзүшү керек деп ушул аракеттер көрүлүп жатат", - дешти бүгүн, 22-январда өткөн маалымат жыйынга катышып жаткан Нарын облусунун биринчи губернатору Кемел Ашыралиев.

Анда белгиленгендей, Ат-Башыдагы 200 гектар жерге завод-фабрика, өндүрүш зонасы болуп, ал Кыргыз өлкөсүндөгү ишкерлер үчүн да ачык.

"Логистикалык борборго ата мекендик чоң бизнесмендер иштесин деп карап чыктык. Ошол жерге ишкана ачам, завод-фабрика ачам, өндүрүш иштерин жүргүзөм дегендер болсо биздин эшик ачык. 200 гектар жер аянтына 10дон ашык завод курулат, анын ичинде текстиль, телефондун дисплейин чыгарган завод, кагаз чыгарган, айтор, көп ишканалар орун алат", - деди Жуман Акималиев.

Журналисттер "Өкмөт инвестиция тартуу керек деген чакырыкты дайыма айтып келгенин, ишкерлер инвестиция тарткандан кийин эмне үчүн түшүндүрүү иштерин да өздөрү жүргүзүп жатышат? Өкмөттүн кудурети жетпейби мындай иштерге?" деген суроону узатышты.

Ишкер Аскар Салымбеков жылуу батирде, жылуу диванда отуруп алып социалдык тармактарга таразаланбаган ойлорун жазып койгондор көбөйүп баратканына байланыштуу түшүндүрүү маалыматтарды берүү зарылчылыгы болгонун айтты.

Маалымат жыйында белгиленгендей, жаз мезгилинде адегенде ал жерге отель курула баштайт. Андан соң жашылча-жемиштер сактала турган кампалардын курулушу жүрүп, дагы инвесторлордун, ишкерлердин тартылышына жараша курулуштар жүргүзүлөт. Ушул жылдын күз айларында анын ачылышы болот. Жалпысынан анын негизделишине 8 жыл каралган. Борбор курулса 10 миңден 15 миңге чейин адам жумуш менен камсыздалат, келишим боюнча анын 80 пайызын Кыргыз жарандары, 20 пайызын Кытай жарандары түзөт.

Буга чейин логистикалык борбордун курулушуна 280 миллион доллар сала турган кытайлык инвестор тартылгандыгы маалымдалган. Борбор курула турган жер аянты инвесторлорго 49 жылга ижарага 49 миллион сомго берген. Ижарачылар 43 миллион сомду мамлекетке төккөнүн маалымдашты маалымат жыйындын катышуучулары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
talas0707
2020-01-22 12:07:19
Баягы эле кытай. Булардан башка эл жокпу же булар кобуроок пара береби? Кичине келечекти ойлонбойбу, не деген башчылар? Башка олколордон деле инвестиция тартса болот да кытайга жармашпай. Жакында бирден автомат менен уктайбызго мындай жол менен кете берсек.
+10
Kyrgyz_bloger
2020-01-22 12:16:12
Салымбеков диванда жатып жазгандар дептир,биз дагы олкого куйгон учун жазабыз,кайдигерлерди коруп жатабыз жазбайт алар,курсагы тойсо болду,49 ж аренда деген бул акмакчылык 49ж кийин Кытай дуйнодо биринчи орунда турган олко болуп калат эч кимден коркпой калат,ошондо кайра алып кор.
+12
temirov76
2020-01-22 12:27:10
Kyrgyz_bloger,туура
+7
aiba.8327
2020-01-22 12:36:33
Акылынар болсо Нарындык туугандар кытайларды жолото корбогуло бироо келсе эртен артынан оно келет анан жеендер кытайлар болуп калып журбосун Кыргызым ойлонгула...
+8
Mamiev
2020-01-22 13:12:26
49 жылга 49 миллион сом не деген акмактык. 49 миллион бир чондун чонтогуно жарымы дагы бирөөгө кетсе. Жылына 10 миң доллардан жогору болуп калат экен. Андан көрө бербей эле койгулачы патриот болуп. Биздин началниктер бүт эле мээси иштебегендерби тушунбойсун
+9
Atas
2020-01-22 14:38:51
Нарындыктар бул дежурларды дагы жолотпогула силерди да сатып ийиет , а кытай жөнүндө Кыргыздар бир дагы сөз уккусу келбейт
+4
Atas
2020-01-22 14:47:38
инвестицияңарды кайра артка кайтарып алгыла , акыркы убакта алакандай Кыргызстандын ар кимге сатып бүтмөй болушту элдер менен биринчи эсептешкиле да , силер элге баш ийесиңер биринчи , эл жактырбаса жактырбайт , колдобойт элдин башын айлантпагыла кытай деген чоң түлкү.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан