Кыргыздын келечектен көптү үмүттөндүргөн футболчусу Гүлжигит Алыкулов казакстандык "Кайрат" клубуна өтөрү айтылууда. Мындай маалымат "Kyrgyz footbal" деп аталган Инстаграмдагы баракчада жазылып, учурда талкууга алынууда.
Анда жазылганга караганда, Гүлжигит Алыкулов менен аталган клуб сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда келишимдин шарттары тууралуу макулдашкан. Жакынкы аралыкта клуб трансфердик маселени чечип, андан кийин футболчунун клубга өткөнүн расмий кабарлашат деп айтылат.
Бул тууралуу футболчунун агасы Манас Алыкулов азырынча эч нерсе айта албастыгын жана эртең толук маалымат берилерин SUPER.KG порталына билдирди.
Гүлжигит Алыкулов Беларустун "Неман" клубунда 2019-жылдын март айынан баштап ойноп келген жана "2019-жылдын мыкты футболчусу" наамына татыган. Ошондой эле "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталынын "Жылдын супер футболчусу" наамын жана Кыргыз футбол федерациясынын "Кыргыз Республикасынын мыкты футболчусу" сыйлыгына татыган.
Белгилей кетсек, "Кайрат" футболдук клубу Казакстандын Жогорку Лигасында ойноп келет. Клуб өз тарыхында 2 жолу Казакстан чемпиондугун, 9 жолу Казакстан Кубогун жана 2 жолу Казакстан Суперкубогун жеңип алган. Буга чейин Алыкулов ага "Кайрат" футболдук клубуна чакыруу түшкөнүн жана күчтүү Лигада ойноо үчүн ал жактан баш тартканын айткан.