Бүгүн, 14-декабрда Бишкек шаарындагы "Бишкек Парк" соода борборунда "Супер-Инфо" жана SUPER.KG порталы уюштурган, колдонуучулардын добушу аркылуу жеңишке жеткен "Жылдын суперлерин" сыйлоо аземи өтүүдө.
"Жылдын супер футболчусу-2019" наамынын ээси Гүлжигит Алыкулов атасы ага дайыма күч, дем берип келгенин айтты. "Сыйлыгымды атама арнайм. Атам мени ар дайым колдоп жүрдү. Жеңиш мага чоң күч, дем берди. Мындан ары дагы элим үчүн ийгиликтерди жаратканга аракет кылам", - дейт ал.
Добушка маданият жана шоу-бизнес тармагында бул жыл ичинде тыным албай иштеп, тер төгүп эмгектенген ырчы, актриса, вайнер, режиссёрлор коюлган.