Депутат Абдыбек Дүйшалиев мигранттардын балдары боюнча көйгөйлөр жаралып жатканын айтып, бул боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мигранттардын балдары боюнча көйгөйлөр жаралып жатат. Кээ бир үй-бүлө балдарын туугандарына таштап кетүүдө. Кароосуз калган балдар зомбулукка көп учурап жатат. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлиги кандай иштерди жүргүзүүдө?", - деп сурады депутат.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова министрликте жумушчу топ түзүлгөнүн айтты. "Мектептерде социалдык педагогдор бар. Алар ата-энеси мигрант болгон балдар боюнча өзүнчө иштешет", - дейт Жусупбекова.