Кытайдан келген, тагыраагы, Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багытындагы аба каттамынын жүргүнчүлөрүн "Манас" эл аралык аэропортунан медицина кызматкерлери текшерүүгө алат. Буга Кытайдагы күч алган вирус себеп болгонун аэропорттун маалымат катчысы билдирди.
Пневмония оорусун чакырган коронавирусу күч алгандыктан, Санитардык карантин пунктунун адистери күнүгө жүргүнчүлөрдү тепловизор (дене табын өлчөп, инфекциялык ооруга чалдыкканын текшерүүчү шайман) менен текшерип жатат.
2020-жылдын 23-январынан 1-февралына чейин Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багытындагы аба каттамы убактылуу токтотулат. Мындай чектөө Кытайдагы Жаңы жыл майрамына байланыштуу киргизилгенин кошумчалады аэропорттун басма сөз катчысы.
2019-жылдын декабрь айында коронавирус чакырган пневмония оорусу Кытайдын Ухан шаарында катталган. Андан бери бул ооруга чалдыккан адамдардын саны күн санап өсүп жатканы айтылат.