Орусияда бир суткада 6 миң 361 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус эң көп аныкталган жерлер Москвада - 2 миң 971, Подмосковьеде - 576, Нижегород облусунда - 153, Санкт-Петербургда - 151, Мурманск облусунда - 105. Бир суткада 66 адам каза болду.
26-апрелге карата Орусияда жалпы 80 миң 949 адамдан коронавирус аныкталган. Анын 747си каза болгон, 6 миң 767 бейтап оорудан айыккан.