"Чын эле келет бекен деп жөн эле жазганбыз". Мэриянын аппарат башчысы колунда бар жарандар дагы жардам сурап жатканын айтты

Бишкекте жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, калктын аярлуу катмарына кирген жарандарга күн сайын азык-түлүк продуктуларынан турган жардам берилип жатат. Жардам көрсөтүп жаткан кызматкерлер акыркы күндөрү кызыктай окуяларга туш болушууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев айтып чыкты. Айтымында, жардам сурап кайрылгандардын көбү колунда бар жарандар.

"Калайык калк, акыркы күндөрү баарыбыз элдин көйгөйүн чечели деп чуркап жүрөбүз. Түнкү саат 02:00гө чейин жазган каттарга жооп берип жатабыз. Акыркы күндөрү өтө кызык окуяларга туш болуудабыз. Жардам сурагандардын көбү колунда бар адамдар болууда. Үйүнө барсак "келдиңерби, чын эле келет бекен деп жөн эле жазганбыз" дешет. Дагы башка толгон-токой шылтоолорду айтышат. Эч нерсе эмес чыдайбыз, бирок сиздер жардамга муктаж башка жарандардын акысын жеп жатасыздар. Жок дегенде ушундай кыйын убакта тамашаны, сыноону коё туралы", - деп жазат ал.

Ошондой эле Балбак Түлөбаев мындан ары "тамашалагандарды" видеого жана сүрөткө тартып, коомчулукка жарыя кыларын кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bars88
2020-04-13 14:12:30
Коойчай эч кимге жардам бербей эле атыпсынарго
+5
aika17
2020-04-13 14:21:47
Өзүмчүлдүк өллө өнүккөн бизде.Жардам болсо деле өзүбүздүкүлөрдөн ашпай калып атыптыр.Бир кишиден муктаждарды сураса ал эң биринчи өзүнүн туугандарын бирин калтырбай жаздырып анан жакын тааныштарын тизмеге каттатат, алар муктаж болбосо дагы.Ошентип чыныгы муктаждар калып кетип атат.Баягы эле өлбөгөн тааныш системи
+8
BarsBaatyr
2020-04-13 16:18:45
aika17,эң туура жазыпсыз.
0
Aikaaaa
2020-04-13 15:20:41
Калп го. Менин аяшым үч баласы менен квартирада, бирөөсү дцп. Жумушу жок, күйөөсү жок, жалгыз тарбиялайт. Эмдигиче эч нерсе алалекмин дейт. Бир чалганда ии макул дешип эле, кийинкисинде андай номер жок деп калат экен. Кимдерге жардам берип атышканын билбейсиң
+3
Isa2014
2020-04-13 15:36:31
Мен өз көчөмдөн көргөнүмдү айтайын.Квартальныйлар биринчи өзүнө жакын колунда бар жогуна жаздырып эле чыныгы турмушта кыйналып муктаж болгондор калып эле кетип атат.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан