КҮНСОБОЛ: Чек ара маселеси боюнча маалыматтар элге ачык-айкын болгону туура эмеспи? Карамат Орозова: "Чечиле элек маселелер боюнча маалымат каражаттарына алдын ала чыгып кетсе, оң жагынан чечилбей калышы мүмкүн"

14-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусу өтүп, жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган. Анда тараптар Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишкен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик вице-премьерлери чек ара боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды бекем сактоо тууралуу бир пикирге келишкен. Чек ара маселеси боюнча маалыматтар элге ачык-айкын болгону туура эмеспи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова чечиле элек маселелер боюнча маалымат каражаттарына алдын ала чыгып кетсе, оң жагынан чечилбей калышы мүмкүн экенин айтты.

"Маалыматтар ачык-айкын болушу керек. Биринчи маселени эл менен акылдашып, чечилгенден кийин маалымат берсе болот. Чечиле элек маселелер боюнча маалымат каражаттарына алдын ала чыгып кетсе, оң жагына чечилбей калышы мүмкүн. Эки мамлекеттин деле кызыкчылыгына туура келбей, зыян болуп калат. Эки өлкө тең өздөрүнө ылайыктуу шарттарды коюп жатат. Бир пикирге келгенче маалымат берип койсо, эки өлкөгө тең зыян болуп калат", - дейт Карамат Орозова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан