14-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугушуусу өтүп, жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлган. Анда тараптар Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды катуу кармануу тууралуу бир пикирге келишкен.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Кыргыз-Тажик вице-премьерлери чек ара боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды маалымат каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды бекем сактооо тууралуу бир пикирге келишкен. Чек ара маселеси боюнча маалыматтар элге ачык-айкын болгону туура эмеспи?" деген собол салды.
Жарандык активист Гүлжигит Исаков чек ара маселеси боюнча ачык-айкын иш алып баруу керектигин айтты.
"Биздин мамлекет Советтер Союзунун убагында Тажикстанга "боордош мамлекет" деп Лейлек районунун аймагынын 20 пайызга жакынын жана Баткен районунун аймагынын үчтөн бирине жакынын берип салган.
Ошол тенденция күч алып, дагы деле уланууда. Эл баарын көрүп турат. Жергиликтүү эл менен сөзсүз кеңешип, акылдашуу керек. Жергиликтүү эл дегенде "дүжүрлөр" менен эмес, чыныгы жерди билип, тээ илгерки убактарда ата-бабасынан көрүп, өзү дагы ошол жерде чоңойгон аксакалдарга, улуу муундан турган жергиликтүүлөргө сөзсүз кеңешүү керек. Кеңешип кескен бармак оорубайт.
Эч жакка жарыялабай эле, колдор коюлуп калса, эл нааразы болот. Жергиликтүүлөр билет да канткенде дагы. Эгерде кеңешилбей, коомго ачык жарыялабай, жең ичинен иш бүтө берсе, Тажикстандын бийлиги, эли жана алардын кызыкчылыгына кызмат кылгандар утушта болушат. Кыргыз мамлекети жана кыргыз эли утулат. Улуттук кызыкчылык ар дайым жогору коюлганда гана утушта болобуз. Мурда берип койгон жерлерибиз жетет. Мындан ары бергенге жерибиз жок. Ачыктык, айкындык менен гана иш алып барып, туруктуу өнүгүүнү жана тынчтыкты камсыздай алабыз. Улуттук кызыкчылыкты азыр коргоп калбасак, урпактарыбыз бизди кечирбейт", - дейт Исаков.