Айсултан Назарбаев Нурсултан Назарбаевдин небереси эмес, баласы болорун жана аны өлтүрүүгө аракет кылышарын айтып чыкты

Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Назарбаев социалдык тармактагы баракчасына сенсациялык ачылыш жасады. Ал Назарбаевдин небереси эмес, уулу экенин жазып чыкты.

"Менин апам таятамды кайырмакка илген, анткени мен анын уулумун" деп жазган Айсултан. Билдирүү бат эле талкууга түшүп, айрымдар Айсултан баңгизаттын таасиринен ушундай сөздөрдү жазып жатат дешсе, айрымдары "апасы Дарига Назарбаева мурунку президенттин кызы эмес", "Айсултандын апасы Дарига эмес, башка эле аял" деп жоромолдошууда.

Айсултан ага чейин "Жакын арада алар мени өлтүрүүгө же психологиялык жактан оорулуу экенимди далилдөөгө аракет кылышат. Же мени атамдай кылып камерада (абакта) асып коюшат", - деген билдирүү калтырган.

Жогорудагы билдирүүлөрдүн чын же калп экени азырынча белгисиз. Себеби бул билдирүүлөр башка эч ким тарабынан тастыктала элек.

Айсултан көп жылдан бери баңгизатын колдонуп келери белгилүү. Былтыр ал Лондондогу өзү жашаган мейманкананын балконунан секирүүгө аракет кылып, полиция кызматкерлери сактап калышкан.

Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева Рахат Алиевге турмушка чыгып, Нурали, Айсултан аттуу 2 уул, Венера деген кыздуу болушкан. Рахат Алиев кайнатасы Нурсултан Назарбаевди сындап баштагандан кийин анын үстүнөн адамды уурдоо жана башка кылмыштар боюнча иш козголуп, Алиев Европага качууга үлгүргөн. Акыры ал Австрияда колго түшүп, соттолгон. 2015-жылы Алиевдин жансыз денеси камерада асынган абалда табылган.

Нурсултан Назарбаевдин небереси анын уулу экенин 2 жыл мурун билгенин айтты
Айсултан Назарбаев мурунку Казак президентинин небереси эмес, уулубу?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Belek1710
2020-01-23 10:43:39
Агайынымыз да жөн жүрбөгөн экен да.
+5
kuttubekuzgen
2020-01-23 10:44:58
Соз жок шок болдум.
+5
ainura220888
2020-01-23 11:35:21
Байлар мынча бактысыз... акча, мансап байлык деп ата энеси балдары менен иши жок кун тун желип жортуп журушконда. Балдар нянька менен чонойгон. Балдарда ата энеге деген мээрим жок. Вечно внимание жетишбей чонойгон. Аллага мин жолу шугур бутун тугол мээримдуу ата энемдин коз алдында чонойгонума. Эртеден кечке мени талашып опкулоп талашып эркелетип чонойтконуна. Окуп билим алып жыргап жашагандын ордуна ар нерсенин исинен чыгып озуно внимарие кылдырып журот. Жаль...
+11
JaneEr
2020-01-23 11:47:23
Наркоманда.Баласыбы же небересиби эч нерседен кем кылбай чонойтсо рахматы ушул
+11
Avrora2017
2020-01-24 11:52:46
JaneEr,Tuura kopkon nemeda akcha bailyka daiar ookatka chalchandap, jok bardy bilbegen
+2
al-abu-kinesz
2020-01-23 16:06:36
Жазган создорунон эле корунуп турат го мээсине бангизат тепкени
+3
shejol
2020-01-23 18:30:30
Түркмөн башы,Рохмандын деле үй бүлөсү ушуга окшогон нерселер күтүп турганы белгилүү болуп калды окшойт.Биздеги президенттердин жана өзбекстанда болгон окуялар айгенелеп турат.Себеби-элдин эсебине эч ким кол салбаш керек го дейм.
+4
Aituwas
2020-01-23 20:48:34
Оз уй булоосун Жонго салып башкара албаган адам кантип эл башкарды
+6
Avrora2017
2020-01-24 11:55:28
Aituwas,bir uibuloodon obezatelno bir jindi chygat bul kelesooda nazarbaevderdin bash oorucu bolso kerek
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан