Момбеков: "Чычкан жылы башталбай эле чыйкан жылы башталып кеттиби түшүнбөй калдым. Биринчи вице-премьер элеттеги элдин жашоосун эшектердин азайганына теңеди"

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттү тартипке келтирүү керектигин айтты.

"Чычкан жылы башталбай эле чыйкан жылы башталып кеттиби түшүнбөй калдым. Жыл башталбай жатып, жылан чагып жибердиби биринчи вице-премьер-министр элеттеги элдин жашоосун эшектердин азайганына теңеди. Дагы бир вице-премьер-министр чек арадан чыдабай чыгып кеткен адамдарды чыккынчы деди. Дагы бирөөсү галстугуңар жок деп мугалимдерди зекиди. Баткендеги элдин жашоосу галстук менен өнүгө турган болсо, бюджеттен акча бөлүп галстук сатып берели. Бул эмне деген дөпөрсөтүк? Элдин жинине өздөрү тийип жатат. Башка иштери жокпу? Сооронбай Шарипович, Орусиянын өкмөтү отставкага кетти, Шахват Мирзийоев өзүнүн өкмөтүн кетирди. Биздин өкмөт кутуруп кетти. Жеңиш Разаковду тыңчы деген үчүн бир генералга кылмыш иши козголду. "Чындык" деген сайттын башчысын камакка алды. Өзү болсо элди чыккынчы деди. Элге эмнеге тийишет? Элден айланып кетпейби. Сооронбай Шарипович, Коопсуздук кеңеште өкмөттү тартипке салып коюңуз, тизгинин кагып коюңуз. Болбосо өкмөт элге эрегишип алыптыр, эл энесин таанытып коёт", - дейт Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан