Буга чейин айрым маалымат каражаттары "Ата-Мекен" партиясы менен Камчыбек Ташиев лидерлик кылган "Ата-Журт" партиясы алдыдагы шайлоого карата биригиши мүмкүн экенин жазышкан.
Бүгүн, 23-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишти кайра кароо улантылды. Андан кийин саясатчы журналисттердин суроолоруна жооп берди. Журналисттер андан "Камчыбек Ташиевдин партиясы менен биригесиздерби?" деп сурашты.
"Ташиев менен мамилем жакшы, ал менин үкам, бул факт, аны четке кага албайсың. Мен камакта отурган учурда да кабар алып, баарлашып турчубуз. Өзүнүн көз карашы бар, күчтүү жигит", - деди Текебаев.