Депутат Жыргалбек Турускулов: "Өкмөттүн өкүлүнүн мугалимдерди "галстугуңар жок" деп сындаганы ага аброй алып келбейт". КҮНСОБОЛ

Социалдык түйүндөргө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун мугалимдерин "галстугуңар жок" деп сындаган видеосу тараган. Анда ал мугалимдер менен жолугуп жатып, мугалимдер окуу жайда студенттерге үлгү болуп жүрүшү керектигин белгилеген. Бул сөзү үчүн Акрам Мадумаров коомчулукта сынга кабылууда.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү мугалимдерге карата "галстугуңар жок" дегени коомчулук тарабынан сынга алынып жатат. Галстук эмнени чечет?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов Акрам Мадумаровдун сыны терс көрүнүш экенин айтты.

"Бул өкмөттүн өкүлүнө аброй алып келбейт. Этика боюнча өзүн таза алып, классикалык кийим кийиш керек. Сөзсүз түрдө галстук тагыныш керек деп жазылган эмес. Бул сынды терс көрүнүш деп айткым келет", - дейт Турускулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан