Футбол боюнча Азия чемпиондугу: Финалга чыккан командалар белгилүү болду

Таиландда өтүп жаткан футбол боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы мелдештин финалына Түштүк Корея курамасы менен Сауд Арабия курамасы чыкты.

Жарым финалдык беттеште Түштүк Корея курамасы Австралияны 2:0 эсеби менен жеңсе, Сауд Арабия курамасы Өзбекстанды 1:0 эсеби менен утуп алган.

3-орун үчүн Австралия-Өзбекстан беттеши 25-январда, финалдык беттеш 26-январь күнү болмокчу. Маалыматка ылайык, 1-2-3-орунду алган командалар "Токио 2020" жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алат.

23 жашка чейинкилер арасындагы футбол боюнча Азия чемпиондугу 8-январда башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Altyn.bala
2020-01-23 17:41:04
Озбекстан Токиого жолдомону алып кетсе экен.
0
Jelezo
2020-01-23 22:11:09
8январь өтүп кетти го же эмки жылды жазып жатышабы .
-3
interpol
2020-01-24 09:57:28
Азия чемпиондугу 8-январда башталган деп турат. БАШТАЛГАН деп
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан