Залалдуу шишик дарты менен ооруган балдардын көбү гепатиттин С түрүн жуктуруп алышканын айтып, ата-энелер кайрылды. Оорунун жугуу себебин адистер, активисттер жана жарандар Республикалык кан борборунда ПЦР жана инактиватор, тактап айтканда, кандын курамын залалсыз кылган жабдуунун жоктугунда деп түшүндүрүшөт.
“Залалдуу шишик дарты менен жабыркаган балдарда дагы гепатит ооруусу кезигип жатат. Дарттын жугуу себептерин кан куюудан жугуп калып жатат деп түшүндүрүшүүдө. Ооба, бейтапка дарт ушул жол аркылуу жугуп калуусу мүмкүн, себеби Республикалык кан борборунда негизги ПЦР аппарат жок. Анын үстүнө биздин өлкөдө залалдуу шишик дарты менен ооруп туруп ошол эле учурда гепатит С дартын жуктуруп алсаң, аны дарылоо мүмкүн эмес экен. Аны дарылап, операция жасоонун өз талаптары бар дешти. Ошонун айынан залалдуу шишик дарты менен ооруган балдарыбыз өлүм таап жатат. Ал эми Индияга барып келгендер “жөн эле дарылап коё турган нерсе экен”, “эмне үчүн бул нерсе кыргызда болбойт?” деп айтып жатышат. Мындан улам дарыгерлер адистигин жогорулатып, тажрыйба алмашуу керек да, карап эле олтура бербей”, - дейт жарандык активист Нурказы Батырбеков.
Дүйнө жүзүндө онкогематология борборлорунда бейтаптарга 100 миңдеген литр кан куюлат. Өнүккөн өлкөлөрдө гепатит С оорусун кан аркылуу жуктургандар жокко эсе же дээрлик кездешпейт. Анткени алар кандагы микроб вирустарды өлтүрүп, аны залалсыздандырган атайын аппаратты колдонушат. Бирок билесизби, Кыргыз өлкөсүндө бул аппарат учурда жок.Биз Кыргыз өлкөсүндө залалдуу шишик дарты менен күрөшүп жатып, гепатит С дартына кабылган өспүрүмдөр бар экенин билдик. Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүндө жылына болжол менен 200дөн ашык бала дарыланат. Алардын ичинен 2019-жылы 11 бала гепатиттин С түрүн жуктурганы аныкталган. Бул тууралуу балдар онкологу Султан Стамбеков билдирди.
“Гепатиттин көп түрлөрү бар. Алардын көбү бейтапка кан аркылуу жугат. Биздин бөлүмдө гепатиттин С жана В түрүндөгү түрлөрү кездешет. Ал эми “кан аркылуу жугуп жатат” дегенди далилдөө дагы абдан оор нерсе. Бирок ошондой болсо дагы биздин пикирибизде илдет балдарга кан аркылуу жугуп жатат.
Гепатит менен ооруп ага чалдыккан бейтаптардын дээрлик баарына кан куюлган бейтаптар. Балдар онкологиясында баарына эле кан куюла бербейт. Кан куюлбаган бейтаптардан чынында гепатит чыкпайт. Гепатитке чалдыккан бейтаптардын оору баянын карасак, алардын дээрлик баарына кан куюлган. Ошондуктан биздин пикирибиз бул балакеттердин баары кан куйгандан болуп жатат. Анткени Кыргыз өлкөсүндө канды залалсыздандырган аппарат жок. Ал аппарат атайын ыкма менен кандагы гепатитти өлтүрөт”, - дейт балдар онкологу Султан Стамбеков.
Бир учурда эки дарт менен күрөшкөн өспүрүмдөр буга туруштук бере албай, жарык дүйнө менен кош айтышкан фактылар бар экенин кезиктирдик. Бул тууралуу эки дарт менен алышып, жыйынтыгында дүйнө салган өспүрүмдөрдүн ата-энелери келип, өздөрү айтып беришти. Гүлзада Малдыбаеванын кызы Аделинага 2017-жылы дарыгерлер тарабынан “миелобласттуу лейкоз” деген аныктама коюлган. Башында алар кызынын дартын билишкен эмес. Эненин айтымында, кызы Аделина бала бакчада жүргөндө эле дене табы көтөрүлүп, ооруп калат. Алар ооруканага барып, анализ тапшырып, кызынын гемоглобини 50гө түшүп кеткенин билет. Андан кийин аларды Балдар онкологиясына которот. Аделинанын апасынын айтымында, кыз башында жакшы эле абалда болгон.
Медер Орозалиев Фатима Орозалиеванын атасы. Анын кызы Фатима дагы жакшы абалда мектепте окуп жүргөн. Ал кызына жабышкан ооруну Кудайдын буйругу деп сабыр кылганы менен илдеттин анык себебин изилдеп жашап келүүдө. Айтымында, кызы Фатимага дагы лейкоздон дарыланып жаткан учурда гепатит С дарты жугуп калган. Орозалиев “негизги делген лейкоз дартына маани берип, гепатит С дартынын мынчалык олуттуу экенин сезбептирбиз, аны билгенибизде, балким, башкача аракет кылып, кызыбыздын өмүрү аз да болсо узармак беле?” деп каңырыгы түтөп жатканын айтты.
"Маалыматтын аздыгынан көп нерсени билбей келиптирбиз, гепатит С дарты бир гана кан аркылуу жугат экен. Мындан улам мен кызыма бул дарттын кан аркылуу жукканын анык билдим. Себеби кызыма кан керек болуп ага тынымсыз кан куюлуп жатты", - дейт.
Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаевдин айтымында, бул өтө терең спецификалуу суроо. Бирок ал кан куйгандан гепатит С дарты жугуп калды деп айтылган пикирлерге кошулбайт. Анын билдиришинче, аталган борбордо канды зыянсыздандыруучу аппарат жок. Бирок алар кандын курамын ИХЛА деген аппарат менен текшеришет.
“Негизинен бардык тапшырылган кан биздин борбордо 100 пайыз тестирлөөдөн өтөт. Ал кандай тестирлөө? Бул ВИЧ 1, ВИЧ 2, гепатит В, С, сифилис жана малярия. Ушул алты инфекцияга Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талабы жана шарты бар. Ушул алты инфекцияга каршы биз 100 пайыз келген кандын баарын тестирлейбиз. Ошондуктан бизде бардык эрежелер жана талаптар дүйнөлүк жана эл аралык деңгээлде сакталат. Бир гана алсыз жеридиз ПЦР аппарат бизде жок. Бул жабдык абдан кымбат болгондуктан, аны бизге мамлекетибиз алып бере албай жатат", - деди Карабаев.
Бакыт Карабаев биздин тартуучу топ барганда кан алуу процессин көрсөтүп, ага тиешелүү белгилүү талаптар бүт сактала турганын айтты. Ал жарандарга гепатит С оорусунун жугуп калганын кан аркылуу эмес, жарандардын гигиеналык эрежелерди сактабаганынан улам деп түшүндүрмө берди. Бакыт Карабаев канды залалсыздандырган апаратты алып берүүнү өкмөткө сунуштаганына 5 жылга чукул убакыт болуп калганын айтат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул маселе чечиле элек.
Мындан улам биз Жогорку Кеңештин депутаттарына барып, аппарат эмне үчүн алынып берилбей жатканын билүүгө аракет кылдык.
Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков: “Башка оюн-зоок өткөргөнгө акча бар дагы, эмнеге керектүү аппарат алганга акча жок. Бул туура эмес. Бул маселеде өкмөт өзү башында туруш керек болчу. Илдеттен эл корккону менен өкмөт коркпой жатат”, - деди.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов балдарга гепатит С дарты кан аркылуу жугуп калды деген ата-энелердин айтканына кошулбайт. Айтымында, эгер Кан борборунда гепатит С дарты кан аркылуу жукканы анык болсо, тиешелүү тараптар жоопко тартылышы керек. Токторов бул маселеге бүгүндөн баштап, катуу кирише турганын айтты. Анткени ал буга чейин Кан борборунда аталган аппараттын жок экенин билген эмес.
"Албетте, сиздер бизди депутат деп маселенин чечүү жолдорун издеп, кайрылып жатасыздар. Туура, бул эң орчундуу, көтөрө турган маселе. Ошондуктан мен бул боюнча өкмөткө кайрылайын. Өкмөттүн кошумча резервдик фонду бар. Аларга аталган аппаратты алып берүү тууралуу кайрылып, сунуш киргизейин. Бирок ошондой болсо дагы, бул маселени жеке тактайм", - деди эл өкүлү.
Канды залалсыздандырган апараттын баасы 40 миң доллардан 200 миң долларга чейин. Ал эми инактиватор жабдуусунун баасы 100 миң доллардан башталып, анын эң сапаттуусун 9 миллион сомго (129 миң доллардын тегереги) алса болот.
Окурман, бул темага дагы кайрылабыз, тараптардын пикирин толук түрдө видеоматериалдан көрүңүз.