Бүгүн президент Коопсуздук кеңештин кезектеги жыйынын өткөрөт

Бүгүн, 24-январда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашуусунун жүрүшү каралат. 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө", 2018-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө", 2019-жылдын 30-январындагы "Кыргыз Республикасынын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" чечимдеринин аткарылышы каралат.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар каралат.

Талкуунун жыйынтыктары боюнча Коопсуздук кеңешинин чечими кабыл алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан