Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин кезектеги жыйыны өтүүдө. Анда президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн өнүгүшүнө коррупцияга байланышкан себептер көп жылдар бою кедергесин тийгизип келгенин айтты.
“Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору коюуга, башка терс көрүнүштөргө жол берилген. Алар экономиканын өнүгүшүнө тескери таасир этип, мамлекет үчүн өтө зарыл чечимдерди кабыл алууга бөгөт болгон. Мындай кырдаалды көрүп туруп, акыркы эки жылда, Коопсуздук кеңештин жогорку конституциялык кеңешме органынын, кеңейтилген курамдагы үч жыйналышын өткөрдүк. Абалды өзгөртүүгө багытталган бир катар стратегиялык чечимдерди кабыл алдык. Коррупцияга каршы күрөшүүгө күчтүү импульс берип, бул ишти биздин артыкчылыктуу багытыбыз катары белгиледик. Бүгүн Коопсуздук кеңештин жогоруда айтылган үч жыйналышынын чечимдерин аткаруунун жыйынтыгын карайбыз. 2018-жылдын 8-февралында болуп өткөн биринчи Коопсуздук кеңеште сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча маселени караганбыз. Кабыл алган чечимибиз – сот-укуктук реформаларды аягына чыгарууга жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган болчу. Азыр бул чечимдин алкагында коррупцияга каршы күрөштүн бир катар жакшы жыйынтыктарына жеттик. Бирок иш дагы эле жетишсиз болуп жатат деп эсептейм”, - дейт президент.