Ош облусунун Өзгөн районунда 5 миң долларга баласын сатууга аракет кылган эки эне кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-январь күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы төрөт үйүндө азият улутундагы аял өзүнүн жаңы төрөлгөн ымыркайын сатып пайда көрүүнү көздөп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"21-январь күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы төрөт үйүндө 23 жаштагы аял эркек бала төрөгөн. Ал баланы сатууну пландап, ага мурда сот жообуна тартылган 45 жаштагы А.Э. аттуу аяш энеси көмөктөшүп, аял ымыркайды 5 миң долларга соодалашып сатып жаткан учурда кармалган. Тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы каралып ымыркайдын энеси К. кызы К. ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган. Ал эми ортомчу болгон А.Э. эки айга камакка алынган", - деп жазылат маалыматта.