Мамлекет башчы: "Мамлекеттик кызматты кыянаттык менен пайдалангандар жазасын алууда"

Бүгүн, 24-январда президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматты кыянаттык менен пайдалангандар жазасын алып жатканын айтты.

"Коррупцияга каршы күрөшүү саясатынын мамлекеттик стратегиясынын кабыл алынганына 8 жыл өттү. Мамлекеттик органдардын ишине коррупцияга каршы механизмдерди киргизүүчү жаңы ченемдик укуктук актыларды туруктуу негизде кабыл алынып жатат.Ошол эле учурда күн сайын жаңы коркунучтар жана чакырыктар пайда болууда. Ушуга байланыштуу мамлекеттин алдында коррупцияга каршы турууга жана аны менен күрөшүүгө багытталган, жаңы, натыйжалуу механизмдерди колдонуу боюнча маселелер турат.

Коопсуздук кеңештин 2018-2019-жылдары кабыл алынган чечимдери коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган. Бул убакыт аралыгында чечкиндүү коррупцияга каршы күрөш жүргүзүлдү. Бюджетке миллиарддаган акча кайтарылды, анын эсебинен балдарыбыз үчүн мектептер курулуп жатканын мисал катары келтирсек болот. Мамлекеттик кызматты кыянаттык менен пайдалангандар жазасын алууда. Коррупцияга каршы күрөш токтобойт, улантылат”, - дейт президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан