Жогорку Кеңеште кезинде Ооганстанга саясий иштерди жүргүзүү үчүн жиберилген кызматкерлердин макамын согуш ардагерлерине теңдештирүү сунушу киргизилди. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Исхак Пирматов. Демилгечи мыйзам долбоору аркылуу кезинде Ооганстанга саясий иштерди жүргүзүү үчүн жиберилген партиялык жана советтик кызматкерлердин макамын согуш ардагерлерине теңдештирүү сунушун киргизүүдө. "Кыргыз мамлекетинен Ооганстанга ушундай тапшырма менен 5 кызматкер жиберилген. Азыр алардын согуш ардагери макамы жок болгондуктан, жеңилдиктер каралган жок. Ошондуктан аларга согуш ардагери макамын берүү зарыл", - деди ал.