SUPER.KG порталы "Бейтап рак менен күрөшөбү же гепатит мененби?". Өлкөдө өмүргө зарыл жабдуу жок" деген аталыштагы иликтөөнү даярдаган. Анда ата-энелер онкологиялык ооруга кабылып дарыланып жаткан балдар гепатит С дартын жуктуруп алышканын айтып беришкен. Тилекке каршы, редакцияга кайрылган ата-энелердин балдары көз жумган. Балдар онкологу Султан Стамбеков өткөн жыл ичинде онкологиялык балдар борборунда 200дөн ашык бала дарыланып, алардын ичинен 11и гепатит С илдетине да кабылганын айтты.
Биздин редакцияга кайрылган ата-энелер жана активисттер буга канды залалсыз кылган ПЦР аппаратынын жоктугу себеп болуп жатканын белгилешет. Активисттер "Качанкыга чейин бейтаптар чет өлкөгө барып дарыланууну улантат?" деп да суроо салып, саламаттыкты сактоо тармагындагы бул маселелерди чечүү керек деген талаптарын айтышкан.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "SUPER.KG иликтөөсүндө чагылдырылгандай, онкологиялык илдетке кабылгандар ПЦР аппаратынын жоктугунан улам гепатит С илдетин жуктуруп алып жатканы айтылууда. Өкмөттүн медицина тармагындагы иш алып баруусу сизди канааттандырабы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев медицина тармагы кардиналдуу реформага муктаж болуп турганын айтты.
"Кыргыз өлкөсүндө медицина тармагына тийиштүү, заманбап аппараттардын жоктугу эң чоң көйгөй болуп келүүдө. Биз жарандарыбыздын ден соолугун, мамлекеттин коопсуздугун ойлосок, бул тармактан акча аябашыбыз керек. Өлкөнүн элинин дени сак болсо, ал өлкө күчтүү мамлекет боло алат.
Саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү өкмөт эч нерсе кылган жок дебейм. Албетте, аракетин көрүп жатат. Ошондой болсо дагы, бул аракеттерди жетишсиз деп эсептейм. Биз медицина тармагына жаңы, инновациялык жабдууларды киргизбесек болбой турган абалга келдик. Мындан улам мен бул тармакты кардиналдуу реформага муктаж деп эсептейм", - деди Тиллаев.