Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы жыйынынын чечимине кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге 2020-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөргө чара көрүү сунушталды.
Мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтарды алмашуунун жоктугу үчүн төмөнкү мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилерине эскертүү берүү сунушталды:
"Түндүк" мекемелер аралык электрондук өз ара аракеттенүү системи аркылуу калкка санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун автоматташтырууну создуктургандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү берүү сунушталды.
Маалымкаттарды автоматташтыруу процессин создуктургандыгы үчүн төмөнкү мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү берүү:
"Мектеп медицинасы - IT-бейтапкана" жана "Акылдуу мектеп" долбоорлорун 2019-жылдын 1-июлунан тартып киргизүү боюнча иш создуктурулуп жатканы үчүн төмөнкү министрликтин жетекчилерине сөгүш жарыялоо сунушталды.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасына жана анын орун басарларына, Социалдык фондунун жетекчилигине катуу сөгүш берүү сунушталды.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери тарабынан системдүү кызматтык кылмыштарды жасоого алып келген, кол алдындагы адамдардын ишине мекемелик көзөмөлдүн жоктугу үчүн аталган инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.
Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Коопсуздук кеңештин катчылыгына жүктөлдү.