Бүгүн, 28-январь саат 14:00гө карата өлкөдө коронавирус менен жабыркагандар жок, абал туруктуу. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы билдирет.
Министрлик бүгүн эртең менен 6 студент Үрүмчү шаарынан келгенин кошумчалады.
"Хоргос аркылуу келген 6 студентти "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө пунктунан саламаттыкты сактоо кызматкерлери тосуп алышты. Профилактика жүргүзүү үчүн аларды Ысык-Ата райондук ооруканасына алып барып, атайын палатага (изолятор) жаткырылды. Аларга медициналык кароо жасалып, коронавирустун эч кандай белгилери жок экени аныкталды. Учурда диагностикалык изилдөө жүргүзүлүп жатат.
Вирус катталган аймактан келген ар бир жаран диагноз коюлганга чейин лабораториялык текшерүүдөн өтүшү керек", - деди маалымат катчы.