Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспортторду даярдоонун жана берүүнүн мөөнөтүн кыскартат. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Мамкаттоонун басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-марттан тарта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан ID-карта менен өтүүгө убактылуу тыюу салынып, жалпы жарандык паспорт алуу үчүн кезекке тургандардын саны өскөн. Мындай чектөө коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө үчүн киргизилген.
Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы жарандык паспортту даярдоо жана берүү мөөнөтүн 6 иш күнүнө кыскартат.
"Жалпы жарандык паспорттор мурда 18 иш күнүндө даяр болуп берилсе, учурда 12 иш күнүндө берилет. Бул үчүн кошумча акча төлөнбөйт. Жарандарга өз убагында паспорт менен камсыз кылуу, кезекке тургандардын санын азайтуу максатында мамлекеттик персонификация борбору күчөтүлгөн тартипте - күндүзгү жана түнкү нөөмөттө иштеп жатат", - деди маалымат катчы.
Жалпы жарандык паспортторду ыкчам алуунун (каражат төлөп) мөөнөттөрү - 3 саат, 2 күн, 4 күн жана 7 күн. Паспорт алуу үчүн жашаган жериңизден маалымкат керектелбейт. Кошумча маалымат алуу үчүн 119 номерине чалсаңыз ( чалуу акысыз) болот.