Бишкекке 27-январда Таиланддан Кыргыз жараны келип, ал инфекциялык-клиникалык ооруканага жеткирилди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы билдиргендей, Таиланддан келген жарандын дене табы бар экени аныкталган. Мындан улам ал ооруканага жеткирилип, медициналык кароодон өткөн.
"Текшерүүдөн кийин ал башка илдет менен жабыркай турганы аныкталып, диагноз коюлду. Коронавирустун белгилери жок. Кененирээк маалымат берилет", - деп билдиришти маалымат кызматынан.