Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республиканын аймагында өзгөчө абал тартиби учурунда улуу муундагы адамдарды аралыктан иштөөгө которуу же иштен толук бошотуу зарылдыгын кайрадан эскертти.
Өкмөттүн сунуштамаларына карабастан, айрым уюмдар улгайган адамдарды иштен толук бошотпой жатканы тууралуу маалымат түшүүдө.
Өкмөт башчы жашоо-тиричиликти камсыздоого тартылган мамлекеттик органдардан тышкары мекемелерге учурдагы өзгөчө абал режимин эске алып, улгайып калган адамдарды иштен толук бошотуу менен кызматкерлердин иш графигин өз алдынча түзүү сунушталгандыгын эске салды. Ошону менен бирге коомдук унаалар убактылуу токтотулгандыктан, ар бир мамлекеттик орган жумушка чыккан кызматкерлерди ташууну уюштурууга милдеттүү.
Өз кезегинде жарандарга мүмкүнчүлүк болсо онлайн-сервистерди колдонуу сунушталат. Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мындай шартта өкмөттүн бардык чечимдери жарандардын өмүрү жана ден соолугу үчүн тобокелчиликтерди максималдуу түрдө төмөндөтүүгө багытталган.
"Баарынан биринчи калктын аярлуу катмарына жана улуу муундун өкүлдөрүнө тийиштүү. Инфекциянын кеңири таркалышын токтотуу боюнча күч-аракеттер менен катар өкмөт инфекциянын жайылуу тобокелчилигин максималдуу түрдө азайтуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасап жатат. Аларга мамлекет жана менчик түрүнө карабастан бардык түзүмдөрдүн жетекчилери гана эмес, жалпы жарандарыбыз, алардын туугандары жана жакындары да кам көрүүгө тийиш", - деп белгиледи премьер-министр.