Бишкекте пневмония менен ооруп жаткандар үчүн 176 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бүгүнкү брифингде билдирди.
Анын айтымында бош орундар "Ганси" авиабазасында, Улуттук госпиталда жана №1 шаардык клиникалык ооруканасында бар.
"Мен сиздерден өзүңөрдү өзүңөр дарылабагыла деп дагы бир жолу суранам. Эгерде сизде кандайдыр бир оорунун белгилери байкалып жатса, үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылыңыз. Дарыгерлер сизди карап көрүп, эгер өзүңөрдү жаман сезип жатсаңыз ооруканага жатууга жардам беришет", - деди Акматова.
Бишкек шаарынын мэринин кеӊешчиси Гуля Алманбетова өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына "Колумдан келген баарын жасадым. Бейтаптар үчүн орун жетиштүү деп ишендирип келген Саламаттыкты сактоо министрлиги боюнча Кубатбек Бороновго арызданып да көрдүм. Бирок бул орундар депутаттардын жана жогорку кабаттагылардын тууган-уругун жаткыруу үчүн экен. Кызматтан эки жигитти жардамга жөнөтүштү. Жардам берүү зарыл. Бул согуш" деп жазган ал.