2019-жылдын декабрь айында Кытайдын 12 миллион калкы жашаган Ухан шаарында белгисиз оору жайылып баштаганы байкалган. Адистер дарттын козгоочусу коронавирустун жаңы тиби экенин айтып чыгышкан. Вирус адамдарга базарда сатылган эт азыктарынан, тактап айтканда, жыландан жуккан деген версиялар айтылган. Бул вируска байланыштуу дүйнө эли дүрбөп, алдын алуу иштерин көрө баштады.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы дүйнөнү, анын ичинде Кыргыз өлкөсүн дүрбөтүп жаткан вирус боюнча Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевге бир нече суроолор менен кайрылды.
- ЭЛДИН БААРЫ ЫЗЫ-ЧУУ ТҮШҮП ЖАТКАН КОРОНАВИРУС ДЕГЕН ЭМНЕ? БУЛ КАНДАЙ ВИРУС?
- Коронавирус - бул вирустун бир түрү. Анын 39 түрү болуп, анын ичинен 6 түрү адамга зыян берүүчү коркунучка ээ. Аталган алты түр адамга жугуп калса, ал организмге зыян келтирет. Азыркы Кытай Эл Республикасында болуп жаткан абал көп өлкөлөргө коркунуч келтирүүдө. Вирустун булагы жарганаттан жыланга жуккан деп айтылууда. Жыланды болсо кытай эли тамак-ашка колдонот. Ошол себептен аталган вирус тамак-аш аркылуу адамга жуккан. Вирус негизи жаныбарларда эле болуп, адамдар арасында болбошу керек. Бирок Кытайдын окмуштуулары "вирус жыландын организмине кирип, ал аркылуу мутация болгон" деп айтып жатат. Андан кийин аталган вирус адамга жукканга мүмкүнчүлүк алган. Коронавирус негизи ысык температурада өлөт. Кытайлар жеген тамак-ашын жакшы бышырбай жеген деп дагы божомолдоого негиз бар. Вирус адам организмине кирип, ал жерден дагы мутация болуп, адамдан адамга жуга турган болуп калган.
- ВИРУСТУН БЕЛГИЛЕРИ КАДИМКИ САСЫК ТУМООГО ОКШОШ ЭКЕНИ АЙТЫЛУУДА, КОРОНАВИРУС ЭКЕНИ КАНТИП АНЫКТАЛАТ? АНЫ БИЗДЕ АНЫКТОО МҮМКҮНБҮ ЖАНА БУЛ БОЮНЧА АТАЙЫН ЛАБОРАТОРИЯ БАРБЫ?
- Биринчиден бул вирусту аныктоонун бир нече түрү жана клиникалык белгилери бар. Чындыгында, бул оору кадимки эле биздин курч мүнөздөгү дем алуу органдарынын вирустук инфекциясына окшоп башталат. Биринчи адамдын башы ооруйт, аны менен бирге бейтаптын дене табы көтөрүлүп баштайт. Оорунун дагы бир өзгөчөлүгү адамдын жүрөгү айланып, куса баштайт же ичи өтөт. Ушул белгилер дартты сасык тумоодон айырмалайт. Мындан тышкары, бейтап менен байланышта болгон адамдарды дагы аныктоо керек. Лабораториялык вирусту изилдөө болуш керек. Ошондо гана дарт толук аныкталат. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө биздин өлкөдө андай мүмкүнчүлүк жок. Эгерде вирус жуктурган адам болсо, аны чет мамлекетке жөнөтүүгө мажбур болобуз.
- ООРУНУ ЖУКТУРУП АЛБАШ ҮЧҮН КАНТИП КОРГОНУУ КЕРЕК?
- Негизи жугуштуу оорулардын алдын алуунун эки түрү бар. Бул спецификалуу же вакцинациялык жол. Вакцинация жолу эң жакшы жол болуп эсептелинет. Эгер вакцина жасала турган болсо, анда адам оорубайт. Экинчи түрү бул өзүнүн жеке гигиеналык нормаларын сактоо. Бул жерде биздин жарандарга айтыш керек болгон жагдай, эгерде зарылчылык болбосо вирус чыккан өлкөлөргө, өзгөчө Кытай өлкөсүнө барбоого аракет кылыш керек. Андан башка эл көп топтолгон жерге барбоого аракет кылуу талапка ылайык. Мындан сырткары, адам жеген тамагына өзгөчө көңүл бөлүп, эт азыктарын жакшы кайнатып, бышырып жеш керек.
- БЕТ КАП ЖАРДАМ БЕРЕБИ, ООРУГА КАРШЫ КАНДАЙ БЕТ КАПТАР СУНУШТАЛАТ?
- Албетте, бет кап ар кандай вирустардан сактанууга жардам берет. Эгер адам ар дайым бет кап тагынып жүргөн болсо, ал 4 саат сайын алмашылып турушу керек. Бирок азыр жаңы бет каптар чыгып жатат. Аларды көпкө чейин колдонсо болот.
- БУЛ ВИРУСКА КАРШЫ ӨЛКӨДӨ КАНДАЙ АРАКЕТТЕР ЖҮРҮП ЖАТАТ?
- Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда көп жаран бул дартты жуктурганы айтылууда. Анын ичинен 100дөн ашуун киши каза болгону белгилүү болду. Кытай албетте, бизге жакын. Ал өлкө бизге чектеш болгондуктан, алар менен ар дайым катнашта болуп келгенбиз. Ошол себептен биздин Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында атайын штаб түзүлгөн. Ал штабдын алдында атайын иш-чаралар каралган. Биздин ал жерде атайын санитардык-эпидемиологиялык пункттарыбыз бар. Ал пункттарда биздин медиктер отурушат. Алар кирген адамдардын дене табын өлчөп, эгер алардын дене табы көтөрүлгөнү аныкталса, сөзсүз түрдө ал жерден тиешелүү чаралар көрүлүп, ооруканага алып келишет.
Андан башка дагы ооруканалар өз алдынча даярдык көрүп жатышат. Кыргыз өлкөсү боюнча жугуштуу оорулар үчүн атайын бөлүмдөр бар. Анын ичинде атайын изоляторлорду даярдаган оорукана биздин оорукана болуп эсептелинет. Биздин максат мындай ооруларды изоляция кылыш керек. Бул даярдыктар бизде көрүлгөн жана палаталар даяр. Анан дагы айта кетүүчү нерсе кызматкерлердин дагы ден соолугун сактоо жана коопсуздук үчүн атайын кийимдер сатып алынды. Ошол кийимдер менен биздин кызматкерлер толук камсыз болду. Ошондой эле эгерде бейтапты биринчи жерден экинчи жерге которо турган болсок, ал үчүн атайын бокс камера бар.
- ООРУГА БАЙЛАНЫШТУУ "ФЕЙК" МААЛЫМАТТАР КӨБӨЙДҮ, БУГА КИМ КЫЗЫКДАР БОЛУШУ МҮМКҮН?
- Сиздер аркылуу Кыргыз жарандарына ушак сөздөргө ишенбегиле деп кайрылат элем. Себеби бул тууралуу социалдык тармактарда ар кандай сөздөр айтылып, эл дүрбөлөңгө түшүп жатат. Ал гана эмес "Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында бир вирус жуктурган бейтап жатыптыр, аны эч кимге көрсөтпөй, ооруканага бекитип коюптур" деген чындыкка коошпогон маалыматтар айтылып жатат. Бул калп маалымат, андай бизде жашыра турган деле эч нерсе жок. Ошол эле учурда бул вируска байланыштуу көп чочулоонун дагы кереги жок. Элди дүрбөтүп, ар кандай "фейк" маалыматтарды таркаткан адамдарды өз абийирине коём. Кыргыз өлкөсү керемет өлкө, аны будуң-чаң кылып, дүрбөтүүнү каалаган адамдардын бар экенине таң калам.
Окурман, маектин видео версиясын видеоматериалдан көрүңүз.