COVID-19: Оштогу клиникалык ооруканада кош бойлуу аялдарды дарылоо бөлүмү түзүлдү

Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын инфекциялык бөлүмү COVID-19 менен ооруган кош бойлуу аялдарды, жаңы төрөгөн келиндерди дарылоо үчүн кайра түзүлдү. Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашкандай, кызыл зонада 16 бейтап жатат.

"Анын ичинен 8и кош бойлуу, 8и жаңы төрөгөн. Экөөнүн абалы оор. Дарыгерлер тобунда инфекционист, акушер-гинеколог, анестезиолог-реаниматолог жана неонатолог бар. Зарыл болгон учурда башка тар адистиктеги дарыгерлердин консультациясы жүргүзүлөт. Онлайн консультация берүү үчүн мультидисциплинардык топ түзүлдү. Кош бойлууларды жана төрөт учурундагы аялдарды кабыл алуу жана ооруканага жаткыруу облустун акушердик иш боюнча координатору менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан