Депутат Дастан Бекешев санитардык-карантиндик постторду жоюу боюнча маселени көтөрдү. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Посттор эмнени көзөмөлдөп жатышат? Алар коронавирусту аныктап жатышабы? Айрым посттордо акча алып жаткан учурлар болуп жатат. Эл көп топтолгон жерлерди көзөмөлдөө зарыл. Элдер аймактарга барып, келип жатышат. Посттор боюнча чечим кабыл алуу керек", - деди Бекешев.