"Кытайдын жарандары менен байланыш болтурбоо боюнча чара көрүү керек" деп бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев билдирди.
"Кытайдан чыккан вирус абдан жаман болуп жатат. Кытай жарандары менен байланышты токтотуш керек. Чоң соода борборлорунда бет кап кийүү зарыл. Бир күндө 30-40 Кытай жараны "Дордойдо", "Мадинада" жүрөт. Мыкты мамлекеттер вирустун вакцинасын таппай жатат. Бүгүн бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматын угуу шарт", - дейт Жолдошбаев.