Бүгүн, 4-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев демейдегидей эле коронавирус боюнча өлкөдөгү жаңы жагдайларды онлайн брифинг учурунда айтты. Андан кийин ага "Кечээ Ош облусунда коронавирустан каза болгон дарыгердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөнүп берилеби?" деген суроо берилди.
"Бул боюнча түзүмдө атайын иш топ иштеп жатат. Компенсация маселеси боюнча иш жүрүп жатат, атайын комиссиянын жыйынтыгы менен ага компенсация төлөп берүү маселеси белгилүү болот", - деди Үсөнбаев.
2-июнда өлкөдө аталган инфекциядан 3 адам көз жумгандыгы маалымдалган. Анын ичинен бири дарыгер, дагы бири оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу, үчүнчүсү 84 жаштагы карыя экендиги белгиленген.