Ленин району боюнча 23 миң 134 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү

Бүгүн, 5-майда Өкмөт үйүндө Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Токтосун Султанов онлайн маалымат жыйын берди. Анда район боюнча жалпы 23 миң 134 үй-бүлөгө азык-түлүк жардамы берилгенин айтты.

"Ленин району боюнча 71 миң 500 үй-бүлө бар. Жалпы район боюнча азык-түлүк жардамы 23 миң 134 үй-бүлөгө берилди. Бүгүнкү күндө калкка азык-түлүк менен жардам көрсөтүүдө негизги 5 тармактан жардам алынууда.

Алар: Республикалык бюджеттен 3 миң 500 кап ун, 450 кап шекер, 8 миң азык-түлүк пакеттери берилди;

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 миң 182 азык-түлүк баштыгы берилди.

Жеке бизнес тармагынан 5 миң 880 азык-түлүк баштыгы таратылды;

Араб өлкөсүнүн Бишкектеги фонддору тарабынан 2 миң 500 азык-түлүк баштыгы берилди.

Мындан тышкары жеке жарандар тарабынан жардамдар көрсөтүлүүдө", - деп билдирди Токтосун Султанов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан