Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов 123 жумушсуз жаран жөлөк пул ала турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Токторовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Алмазбек Токторов бул жөлөк пулду алуу үчүн кандай документтер керектигин сурады. "Эмне үчүн жумушсуздук боюнча жөлөк пул алгандардын саны аз. Аталган министрликке кайрылгандардын канчасы иш менен камсыз болду?" - деп сурады депутат.
Токтосартов билдиргендей, жөлөк пул алуу боюнча паспорт, эмгек китепчеси, билими боюнча документ керек. "Жөлөк пулдун көлөмү 300 сом болгон үчүн кайрылгандардын саны аз. Жумуш боюнча 97 миң адам кайрылып, 27 миң адам иш менен камсыз болгон", - дейт ал.