Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азамат Арапбаев премьер-министр Казакстандын өкмөт башчысы менен байланышып, ишкерлердин маселесин чечүү боюнча сүйлөшүшү керектигин айтты.
"Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге киргенине 5 жылдан ашты. Бүгүн бүт өкмөт, мамлекеттик органдар, биздин финансы институттары арзан насыя берип, кайра иштетүүнү, айыл чарбаны көтөрүү боюнча аракетин кылып жатат. Бирок биз күч аракетибизди Казакстандын Салык инспекциясынын жана чек ара кызматынын кызматкерлерин байытканга жумшап жатабыз. Өкмөт башчы кезексиз түрдө Казакстандын өкмөт башчысы менен байланышып, көйгөйдү чечпесе ишкерлер зыян тартып жатат. Протоколдук тапшырма берип бул маселени чечүү зарыл", - дейт депутат.