Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Акматов Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду бошоткон соттун жоопкерчилигин кароо керектигин айтты.
"Маалымат каражаттарынан окуп жатабыз. Райондук соттор соттосо, шаардык соттор актап жатат. 24-январда Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков дагы Насырбек Алмаматовдун бошотулушу боюнча соттор, прокурорлор күнөөлүү экенин айтты. Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы райондук соттун чечимин жокко чыгарып, аны бошоткон. Кайра Жогорку Сот бул ишти караганда, ал качып кеткен. Аны бошоткон прокурор жумуштан алынды. Соттун жоопкерчилиги каралабы?", - деп сурады депутат.
Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева соттун жоопкерчилиги боюнча сунуш келтирилсе, Тартип комиссиясында каралышы мүмкүн экенин айтты.
Депутат: "Бул маселе Коопсуздук кеңеште айтылып жатса, сот отура береби? Мындай иштер көп болуп жатат. Эл карап турат, жыйынтык чыгарбайсыңарбы" деген суроосуна Калиева: "Биз талкуу жүргүзүп жатабыз. Өзүбүздүн жоопкерчиликти сезип жатабыз", - деп жооп берди.