Депутат жумушсуздук өлкөнүн кайсы аймактарында көбүрөөк экенине кызыкты

Депутат Тариел Жоробеков жумушсуздук өлкөнүн кайсы аймактарында көбүрөөк экенине кызыкты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында сурады.

“Бул тууралуу статистикалык талдоо иштерин жүргүзүп жатасыңарбы?”, - деп сурады Жоробеков.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов статистикалык маалыматтарга караганда, жумушсуздук Баткенде 9, Нарында 8,8, Ысык-Көлдө 8,4, Чүйдө 7,3 пайызды түзөрүн билдирди. “Эмгек рыногунун автоматташтырылган маалыматтык системи жаңыдан ишке киргизилди. Эми талдоо иштерин биз өзүбүз жүргүзө баштайбыз”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан