Өлкөнүн дарыканаларына медициналык каражаттардын, бет каптардын баасын жогорулатпоо сунушталды

Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинде республикадагы ири фармацевтикалык фирмалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда чукул жыйын болуп өттү. Жыйын дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавируска байланыштуу болгонун аталган мекемеден кабарлашты.

Департаменттин адистери маалымдагандай, дарыканаларда бир ирет колдонулуучу медициналык бет каптар, вируска каршы дары-дармектер жетиштүү. Департаменттин кызматкерлери фармацевтикалык компанияларга бет каптардын, дары-дармектердин баасын жогорулатпоого, керектелип жаткан каражаттарды экспорттоону токтотуп турууну сунуштады.

Департамент өлкөдө медициналык бет каптын орточо баасы 5 сом экенин маалымдайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан