Пульмонолог: "Реабилитация учурунда бейтаптарга кошумча дарылардын кереги жок"

Реабилитация учурунда бейтаптарга кошумча дарылардын кереги жок. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев билдирди.

"Калк арасында өпкө сезгенгенде фиброзго учурайт деген маалымат тараган жана ал үчүн кандайдыр бир дары-дармектерди жана башка тамак-аштарды колдонгон учурлар кездешип жатат. Бул маалыматка ишенбеңиздер.

Оорунун белгилери оорудан айыккандан кийин дагы эки-үч айга чейин сакталуусу мүмкүн. Жөтөл, дене табынын көтөрүлүшү, өпкөнүн оорушу жана башка. Ошондуктан ар бир жаранга реабилитация программаларын аткаруу сунушталат. Бул үчүн атайын инструкторлор даярдалып, роликтер тартылган”, - деди Сооронбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан