Орусияда акыркы бир сутка ичинде 8 миң 849 адамдан коронавирус аныкталып, 127 бейтап каза болду

Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 8 миң 849 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 127 адам каза болсо, 7 миң 289 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган 8 миң 849 адамдын ичинен:

Москва шаарында - 2 миң 913;

Москва облусунда - 892;

Санкт-Петербург шаарында - 408;

Красноярск аймагында - 375 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 317 миң 554 адамдан инфекция аныкталды. 3 миң 99 адам каза болсо, 92 миң 681 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sakura715
2020-05-21 14:52:46
Азайганы чын болсун!
+1
ZUXRIDDIN20
2020-05-21 19:38:36
Каза болгондорду эмне үчүн ар кайсыл булактар аркандай берилип жатат
0
samarbek.88
2020-05-21 21:47:52
Саламатсыздарбы урматту админ. Карантин блок посттор качан толугу менен алынат билип бериңиздерчи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан