Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар сотторго болгон ишеним төмөндөп жатканын айтышты. Анда Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева соттордун кадыр-баркы түшүп кеткенин моюнга алып, кээ бир судьялар кадыр-баркты түшүрүп жатканын билдирди. Мындан ал өзү да уяла турганын белгиледи.
SUPER.KG порталы "Жогорку Соттун төрайымы судьялардын кадыр-баркы түшүп кеткенине уяларын айтты. Сот бийлигинин бул абалга жетишине соттук корпус өзү күнөөлүү эмеспи?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев соттордун туура эмес чыгарган чечимдеринен кадыр-баркы түшүп жатканын айтты. "Соттордун кадыр-баркынын түшүп кетишине өздөрү күнөөлүү. Себеби ошол үч инстанциянын чыгарган чечимдери бири-бирине карама-каршы келет. Алар ар кандай туура эмес чечимдерди чыгарышат. Ошонун негизинде акыркы күндөгү эле маселелер Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысынын бошотулушу, андан башка дагы толтура иштер бар. Негизи эле сот системине элибиздин ишенбегенине өздөрү күнөөлүү. Бул нерсени президент дагы Коопсуздук кеңештин жыйынында ачык-анык айтып кетти. Соттор өздөрүнүн туура эмес чыгарган чечимдеринен улам кадыр-баркы түшүп жатат", - дейт Тиллаев.