Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар сотторго болгон ишеним төмөндөп жатканын айтышты. Анда Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева соттордун кадыр-баркы түшүп кеткенин моюнга алып, кээ бир судьялар кадыр-баркты түшүрүп жатканын билдирди. Мындан ал өзү да уяла турганын белгиледи.
SUPER.KG порталы "Жогорку Соттун төрайымы судьялардын кадыр-баркы түшүп кеткенине уяларын айтты. Сот бийлигинин бул абалга жетишине соттук корпус өзү күнөөлүү эмеспи?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев бир бийликтин бутагына болгон сын-пикир бүт бийликке тие турганын айтты.
"Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңеште "бүгүнкү абалга силер баарыңар күнөөлүүсүңөр" деп айтты. Акыркы убакта президент мындай катуу сын айта элек болчу. Менин оюмча, бул туура сын-пикир. Анткени чын эле өздөрү реформаны аягына чейин жакшы бүтүрсө, балким, мынчалык көп сын-пикирди баарыбыз тең укпайт элек. Бир бийликтин бутагына болгон сын-пикир бүт бийликке тиет. Бул жерде чындап келгенде бүт бийлик бутактарынын күнөөсү бар. Бирок аткаруу бийлигинин адамдары күнөөнү мойнуна алышы керек", - дейт Абдылдаев.