Депутат Улугбек Ормонов: "Соттордун аброю түшүп кеткенине өздөрү күнөөлүү". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар сотторго болгон ишеним төмөндөп жатканын айтышты. Анда Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева соттордун кадыр-баркы түшүп кеткенин моюнга алып, кээ бир судьялар кадыр-баркты түшүрүп жатканын билдирди. Мындан ал өзү да уяла турганын белгиледи.

SUPER.KG порталы "Жогорку Соттун төрайымы судьялардын кадыр-баркы түшүп кеткенине уяларын айтты. Сот бийлигинин бул абалга жетишине соттук корпус өзү күнөөлүү эмеспи?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов судьялардын кадыр-баркынын түшүп жатканына өздөрү күнөөлүү экенин айтты. "Мен бүгүн парламент жыйынында Жогорку Соттун төрайымына суроо бердим. “Судьялардын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 5-берененин 2-бөлүгүндө жазылгандай, сот болгон адамдар ишкерлик жүргүзүүгө тыюу салынган. Жогорку Соттун төрайымына ишкер айым өзүнүн иши боюнча сот болгондон кийин ишеним кагаз бере алабы десем боло берет деп жооп берди. Ишкер болуп жүргөндөр өздөрүнүн иштерин коргоп жүрүшсө болбойт да. Жогорку Соттун төрайымы ошолорду токтотуунун ордуна аброю түшүп кеткенине уялып жатыптыр", - дейт Ормонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан