Депутат Момбеков Баткендеги активисттерге болгон куугунтукту токтотуу керектигин айтты

Депутат Рыскелди Момбеков Баткендеги активисттерге болгон куугунтукту токтотуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Башканы коюп Баткенден баштайын. Чек ара коомдук бирикмесинин мүчөлөрү жана баткендик туугандар менен баарлаштым. Ал жактагы азыркы жана акыркы кырдаал боюнча маалымат алгандай болдум. Бүгүнкү күндө активисттерге жергиликтүү бийлик тарабынан куугунтук жүрүп, экөө камакта түнөп жатса, калгандары суракта жүрүптүр. Акыркы комиссиянын маалыматы боюнча, чек арадагы чагымчылдыкты биздин кошуна мамлекеттин жарандары баштаган. Аны бул жерде өздөрү айтышкан. Эмне үчүн чагымчылдык кылгандарды эмес, чакырык кылган биздин жарандарды куугунтуктап жатканын мен түшүнбөй турам. Андыктан күч органдарынан күчкө салбагыла, күчөтүп албагыла деп суранам. Баткенде кырдаал оор экенин айтып беришти. Ошол жакка барып өзүм көрүп келейин деп жатам", - дейт Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан