Депутат Эрмамат Тагаев өкмөт суу сактагычтардын толбой калуу коркунучу бар экенин билсе да чара көргөнү байкалбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Быйылкы жыл кургакчыл болот деген божомол бар. Ошондон улам Токтогул ГЭС каскадындагы суу сактагычтар толбой, электр энергиясын пландуу өчүрүүлөрдүн кайталануу коркунучу бар. Өкмөт бул багытта тийиштүү алдын алуу чараларын көрүп, коңшу өлкөлөр менен кошумча арзан электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташы керек. Өкмөт быйыл кургакчыл болорун, суу сактагычтардын толбой калуу коркунучу бар экенин билет. Бирок алар боюнча иштиктүү чаралардын көрүлүп жатканы байкалбайт", - дейт Тагаев.