Кофе уурдайм деп ажал тапты! Орусияда дүкөндө иштеген Кыргыз жараны кардардын өлүмүнө шектелип кармалды

Орусияда эмгектенген кыргыз мигранты 39 жаштагы жарандын өлүмүнө айыпталууда. Кылмыш ишине айыпталып жаткан жаран менен маркумдун ортосунда пикир келишпестик орун алган. Орусиялык маалымат каражаттарынын жазганына ылайык, окуя 20-январда Симферополь бульварындагы супермаркеттердин биринде болгон.

"Кардар бир нече мүнөт бою дүкөндүн ичиндеги текчелердин айланасында жүрүп, соода кылбай эле чыгып кеткен. Дүкөндүн кассасында иштеген жаран (Кыргыз жараны) соода кылбай чыгып кеткен жарандын артынан барып, мекеменин жер төлөөсүнө чогуу түшүүнү талап кылган. Кассирдин айтымында, кардар күрмөсүнүн чөнтөгүнө бир банка кофени катып алган, мындан улам видеобайкоодогу жазууну чогуу көрмөкчү болгон. Камерага жазылган видеону карап чыкканда, ырасында эле кардар кофени уурдап алганы аныкталган. Мындан улам алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, Кыргыз жараны кардарга "акчасын төлө, болбосо өлтүрөм!" деп ич жагына урган. Уурулук кылганга шектелген жаран алган жаракатынан улам бир нече сааттан кийин каза болгон. Ал эми шектүү 29-январда Москва шаарынын аймагында кармалып, СИЗОго киргизилди.

Айыпталуучуга карата кылмыш иши ачылып, тергөө улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

Шектүү 26 жашта экени маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
murat17
2020-01-30 21:01:31
бул жерде орус кыргыз жаранын ушинткенде ал уурулук кылганы учун туура кыоган деп камабайт болчу
+14
кыргыз Алик
2020-01-30 21:24:20
Ээ жон эле журбойбу бироонун жеринде,уурдаган болсо разборка кылыш анын иши эмес болчу да,полицияны чакырбайт беле?келгиче качып кетсе кетсин анан таап алышмак.Каап жаман иш болуптур.
+20
Baktyluumun98
2020-01-30 21:25:24
Ай, ай, аааай. Жаман иш болуптур. Кыргыз жаранын Кудайым колдосун.
+12
Migrant-rf
2020-01-30 22:28:00
Аны кассир төлөтүп эмне кылат, ошол СМ тин ЗБ ларына тапшырып койсо иш бүтмөк. Кассирда оолугуп кеткенго))
+14
33SUUN
2020-01-30 23:23:20
Россиянын баардык аймагында кассирлерге жана башка жумушчуларга кардарлардын жолун тосуп текшерууго жана уруп согууга тыйуу салынган.Жумушка кирип жатканда ушул сыяктуу жаман иш болуп кетпеши учун тушундуруу иштери жургузулот.Товарларды уурдай беришсин,Озунордун коопсуздугунарды сактагыла биринчи орунда.
+10
din_tomas
2020-01-31 00:10:15
33SUUN,Диксиде мындайларың өтпөйт, СБ жок, кассирлер өздөрү кайтарат. Товар уурдатып жиберсең начальство мозгиңди тоңкойтот
+7
AykaMer
2020-01-31 11:58:08
Өлтүрөм деп оолугуп ичине урганы эмнеси же орустарга жакшы иштеп жатам честный иштейм кыргыз болсо деле аябайм дегендей түр көрсөттүбү? Эй,охрана деген бул жөн гана кароолчу. Товарды уурдалбасын деп эле карайт,ууру кармалса полиция чакырат.Урган жигит өзүн полиция же супер мен сезип алган го...ненормальный...
+2
katerina.li
2020-01-31 22:05:21
Полиция чакырыш керек болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан