Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги дүйшөмбү күнү, тактап айтканда 3-февралда 500 миң медициналык бет кап алып келинерин маалымдайт. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн башка мамлекеттерге бет каптарды жана вируска каршы дары-дармектерди ташып чыгууга тыюу салынат дешти мекеменин маалымат кызматынан.
"Дүйнөгө тарап жаткан коронавируска байланыштуу министрлик фармацевтикалык компанияларга, дарыканаларга жана медициналык пункттарга медициналык бет каптарды көп өлчөмдө сатпоого, бир адамга 20 даанадан ашык бет кап сатууга чектөө коюлду. Ошондой эле тиешелүү жайларга бет каптардын жана вируска каршы дарылардын баасын жогорулатпоого эскертүү берилди.
Орусиядан, Казакстандан жана Кытайдан медициналык бет каптарды өлкөгө ташып келүү убактылуу токтотулду. Буга байланыштуу Түркия, Индия жана Кореядан бет кап алып келүү каралууда. 3-февралда өлкөгө 500 миң бет кап алып келинет", - деп жазылат маалыматта.