Кыргыз паспорттору орусиялык сайттардын биринде сатылууда. Мамкаттоонун жообу

Кыргыз өлкөсүнүн эски үлгүдөгү ID-карталары орусиялык сайттардын биринде сатылууда. Мындай жарыя "PRAVABZ" сайтына жарыяланып, документтин баасы 15 миң рубль деп көрсөтүлгөн.

Анда ID-карталар каалоочулардын берген аты, фамилиясынын негизинде жасала тургандыгы айтылган. Эгерде паспорт жасатууну каалаган адам 3 миң рубль кошумча каражат берсе ID-карта машиналык-сканерлөөдөн канааттандырарлык деп чыгары дагы жазылган.

Мындан тышкары, дайымкы кардарларга документти дүңүнөн жасаткан ортомчуларга ID-карталардын маалымат жазылбаган үлгүлөрү сунушталары жазылган. Мындай үлгүдөгү документти саткандар кардарларга ID-карталар жасалма экенин эскертишет деп айтылган.

Мамлекеттик каттоо кызматынан жогорудагы сайтка жарыяланган билдирүү боюнча буларды билдиришти.

"Документтерди жасаган шылуун компаниялар, сайттар көп. Орусия мындай сайттар менен күрөшүп келет. Бирок шылуундар кайра эле ачып алышат. Биз мындай учурда расмий кат менен Орусиянын бийлигине кайрылабыз, алар чара колдонот.

Ал эми жасалма паспорттор менен Мамкаттоо берген паспорттор тышындагы ламинациясы менен айырмаланат. Азыр ламинациянын түрлөрү көп, бирок сапаты жагынан окшош эмес. Машиналык-сканерлөөдөн жана ультрасыя нурдан паспорттун жасалма экенин аныктоого болот", - дешти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
altyn-kumush
2020-02-03 13:05:48
Биздин паспорт товар эле болуп калды. Анын баарына Шаикованын тоодой куноосу бар
+20
Alimbek1000
2020-02-03 14:28:12
Жоопко тартыш керек. Кыргыз паспорту көчөдө калыптырбы?
+11
Jaznura
2020-02-03 13:09:10
Жалганчыларга ишенип паспорт сатып алгандар эми акчасына күйөт турбайбы?
+11
Arman7
2020-02-03 13:11:48
Биздин паспорттун узурун озбекстандыктар коруп жатышат айрыкча самарканддыктар.Мен канчасын кордум оз козум менен
+18
rysik79
2020-02-03 13:12:14
Паспортубуз сатылып жаткан учун визаны эч бир мамлекет бербейт эми. Илибой итбай-чотбайын эле сатып алып каалаган жакта журсо. Алып кор озбектин пасрюпотун берет бекен.?


+13
Kyrgyz_bloger
2020-02-03 13:12:32
Мындай сайттар менен Оруссия курошот дейт,бул акмакчылык аларга мне кереги бар,МВДнын Россиядагы окулчулугу бар го ошолор кармабайбы клиент болуп сатып алам деп чакырып кармагыла да.
+9
Chungyz
2020-02-03 13:32:58
паспортубузду коргой албасак кандай мамлекет болуп кеттабыз
+13
AksyKum
2020-02-03 13:41:53
Сен кайрылгыча элдин баары алып бутот.Бийликтин кылабыз деген созу алкаштын экинчи ичпейм деген созундой
+16
Islambek123
2020-02-03 14:16:57
Бардык жагынан уят болуп буттук, кайран гана мурдуна бок суйколгон кыргыз элим.
+7
Erik2018
2020-02-03 15:11:16
АКШнын чыграган оюну. Булар өздөрүн сүттөн ак көрсөтүү үчүн ушуну ойлоп табышты.
+2
Aroiz
2020-02-03 15:11:57
Бул нерсе келечегибизге өтө кокунучтуу
+4
Zhoro
2020-02-03 15:14:16
Момбеков туура ырдаган "колтугундун жунун сат сат сат! "
+6
Nargiza1987k
2020-02-03 15:29:31
Тажик Озбектер жыргайт турбайбы сатып алышып Расияга кенен кирип чыгып.
+4
brentfo
2020-02-03 16:11:59
Өткөн жылы мендагы паспорт тапшырып айткан сөзүнөн убадасынан кечигип кечигип келди, ишине жоопбербегендер жазасын алатда
+1
nazarKGZ
2020-02-03 18:29:42
Бийликтин алсыздыгы 9 жылдан бери Кыргызстан эчнерсе озгору болбоду элдин талабын эчким талашпайт Аша менен Соке кыргыз элин кыйла кыйнады 9жыл ото коп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан